Марал Радиосу

Дирижёр Сагынбек Акматалиев дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү дирижёр Сагынбек Акматалиев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Сагынбек Акматалиев 1952- жылы 1-декабрда Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылында туулган.

Ал 1967-жылы — М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында, 1972-1976-жылдары — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда, кийин 2005-жылы «Оркестрдин дирижеру» факультетинин профессору Насыр Давлесовдун классында окуп, артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Сагынбек Акматалиев эмгек жолун 1970- жылы Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине музыкант-кыякчы катары иштөөдөн баштаган. Кийин оркестрдин концертмейстери, “Атай” – атындагы комузчулар ансаблинин жетекчиси болуп иштеп, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде гастролдо болгон.

2005-жылдан 2022-жылга чейин улуу дирижер А. Жумакматов жана Э. Жумабаевдердин сунуштамасы жана аталган оркестрдин башкы дирижёру жана көркөм жетекчиси болуп иштеп келген.

С. Акматалиев оркестр үчүн  200 гө жакын ыр-күүлөрдү иштеп чыккан. Ал көптөгөн союздук жана эл аралык конкурс-фестивалдардын катышуучусу, лауреаты болгон

Сагынбек Акматалиевдин кыргыз улуттук музыкасынын өнүгүп-өсүшүнө кошкон салымы жогору бааланып:

1987-жылы — Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасына;

1994-жылы — «Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти» ардактуу наамына;

2011-жылы — «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардактуу наамына ээ болгон.

Exit mobile version