АКШ президенти Жо Байден Украинадагы кырдаалга карабастан байбичеси Жилл экөө туулуп-өскөн Делавэр штатына эс алууга кетмей болду. Бул тууралуу New York Post басылмасы жазды.
Президент демалыш күндөрүн Уилмингтондогу үйүндө өткөрөрү белгилүү болду.
Жо Байден 2021-жылдын сентябрь айында Ооганстандагы жаңжал курчуп турган учурда да эс алууга чыгып кеткен. Анда да чатак басылганча Дэлаверде болгон.
24-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасста атайын аскердик операция жүргүзүү чечимине келгенин билдирген. Украинанын лидери Владимир Зеленский Орусия менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн жарыялаган. Киев Москвадан элчиликтин кызматкерлерин эвакуациялоону баштаган.