Латвия Украинадагы кырдаалга байланыштуу орус учактарынын өлкө чегинен учуп өтүүсүнө тыюу салды. Бул тууралуу Латвиянын юстиция министри Янис Борданс билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазды.
Кечээ, 25-февралда Латвиянын коргоо министри Артис Пабрикс Орусия үчүн аба мейкиндигин жабуу сунушун киргизген. Чечим Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн министрлери менен да макулдашылат.
Буга чейин ушундай эле чечимди Эстония да кабыл алган. Экономика жана инфраструктура министри Таави Аас Эстония Польшанын демилгесин колдогонун айткан.
Буга чейин Болгария, Польша жана Чехия Орусиянын авиакомпаниялары үчүн аба мейкиндиги жабылганын кабарлашкан.
Эске сала кетсек, 24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинага аскердик операция башталганын жарыялаган. Натыйжада Украинанын бир топ шаарларында, облустарында жардыруу, атышуу орун алган.
Украина Коопсуздук кеңешинин чечими менен өлкөгө «согуштук абал» жарыялаган.