Connect with us

Чехия Украинага 8,7 миллион долларлык курал-жарак жөнөтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Фев 2022 | 794 | 0

Бүгүн, 26-февралда Чехиянын Министрлер кабинети Украинага 8,7 миллион долларлык курал-жарак жөнөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Коргоо министри Яна Чернохова журналисттерге билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазды.

«Чехия Украинага жалпы суммасы 188 миллион крон болгон автомат, пулемёт, тапанча, снайпердик мылтык жана ок-дары жөнөтөт. Бул чечимди ишембиде өкмөт кабыл алды», — деди Чернохова.

Ал кошумчалагандай, жеткирүүнү Чехия тарап камсыздайт.

Ощондой эле Нидерланды Украинага эки жүз зениттик-ракеталык Stinger комплексин жөнөтөт.

Мындай чечим Киевдин Нидерландыга аскердик жардам сурап кайрылганына жооп катары кабыл алынганы белгиленген.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM