Марал Радиосу

ӨКМ: Көкарт ашуусунан көчкүдө калган кыргыз жигиттин сөөгү табылды (видео)

Түндүк-Түштүк магистралынын Көкарт ашуусунда тушунда иштеп жатып, көчкүгө басылып калган 4 жумушчунун бири табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Айта кетсек, 14-февралда Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Көкарт ашуусу тушунан көчкү жүрүп, «Чайна Роуд» компаниясынын 4 жолчусун унаалары менен кошо басып калган.

Издөө иштерин 74 куткаруучу, 4 чек арачы, 4 жол-кайгуул кызматкери, каза болгон кыргыз жигиттин 4 тууганы, «Тез жардам» кызматынын бир бригадасы жүргүзүп, «Чайна Роуд» ишканасынан 7 атайын техника тартылган.

Бүгүн, 26-февралдагы издөө иштеринин натыйжасында 12:30 чамасында 1998-жылы туулган К.А. аттуу кыргыз жаранынын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Буга чейин, 24-февралда «Пикап» унаасы табылган болчу. Учурда калган үч кытай жараны изделип жатат.

Exit mobile version