Connect with us

Жо Байден АКШнын аскерин Европага жайгаштырууга буйрук берди

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Фев 2022 | 211 | 0

АКШ президенти Жо Байден НАТОдогу өнөктөштөрүн колдоо максатында Европага кошумча америкалык күчтөрдү жайгаштырууга буйрук бергенин ырастады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

«Кошмо Штаттар НАТОнун ар бир аймагын коргойт. Альянстын жобосунун 5-беренесине берилгенибизден шек жок. Мен НАТОдогу союздаштарыбызды колдоо жана Европадагы мүмкүнчүлүктөрүбүздү жогорулатуу максатында кошумча күчтөрдү жайгаштырууга буйрук бердим», — деп билдирди Байден.

Байден Орусиянын президенти Владимир Путинди «эл аралык тынчтыктын жана коопсуздуктун негиздерине коркунуч келтирүүдө» деп айыптап, НАТО өз кезегинде «эркиндикти жана демократияны жактаарын» дагы бир жолу көрсөткөнүн айтты.

«Президент Путин Батышты бөлүп-жаруу максатын ишке ашыра алган жок. НАТО — болуп көрбөгөндөй чечкиндүү жана биримдиктүү. Биздин баалуулуктарды бөлүшкөн европалык мамлекеттерге альянстын эшиги дайым ачык», — деп билдирди АКШ президенти.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM