Марал Радиосу

Оштон адам өмүрүнө кооптуу гемодиализ аппараттары табылды

Ош шаарындагы медициналык борборлордун бири адам өмүрүнө коркунуч жараткан гемодиализ аппараттарын колдонуп келгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаардык прокуратурасы саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен биргеликте калаадагы гемодиализ борборлоруна текшерүү жүргүзүшкөн. Андан белгилүү болгондой, «Т.М.» аттуу жеке менчик гемодиализ борбору адам өмүрүнө кооптуу, сапаты тастыкталбаган 28 аппарат менен иш жүргүзүп келген.

Аппараттар Саламаттыкты сактоо министрлигинен каттоодон өткөн эмес. Эреже боюнча 500 саат иштегенден кийин текшерилиши керек болсо, борбор бир да жолу текшербей, 35 миң-45 миң саат колдонгон.

Текшерүүдөн чыккан жыйынтыктын негизинде борбордун жетекчилигине Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (шалаакылык) жана 146-беренеси (медициналык кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) менен иш козголуп, материалдар Ош шаардык милициясынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Прокуратуранын сунуштамасы менен Саламаттыкты сактоо министри Ош аймактык милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башчысы М.О.ну жана Түштүк аймак боюнча дары-дармекти көзөмөлдөө департаментинин башчысы С.К.ны кызматтан алган.

Exit mobile version