Болгария, Польша жана Чехия Орусиянын авиакомпаниялары үчүн аба мейкиндиги жабылганын кабарлашты. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.
«Болгария, Польша жана Чехия аба мейкиндигин жапканы тууралуу билдирүү жөнөттү», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Болгария, Чехия жана Польша Орусия Федерациясынын Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын аскердик операциясына каршы 26-февралдан тарта аба мейкиндигин жабуу маселесин карап жатышканын мурда кабарлашкан.