Украинанын президенти Владимир Зеленский украин элине «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
«Кутман таң, украиндер! Түндө мени «курал таштоого чакырды» деген маалыматтар пайда болду. Мен бул жердемин, биз эч качан курал таштабайбыз, биз армиябызга, мамлекетибизге ишенебиз. Биз аны коргойбуз. Украинага даңк!» — деди Зеленский.
25-февралда Зеленский украин армиясы орус күчтөрүнө каршы бардык фронтто согушуп жатканын, бир канча шаарда кагылыш уланып, Орусиянын армиясы Украинанын жайкын тургундары жашаган аймактарына, анын ичинде бала бакчаларга да чабуул койгонун айткан. Буга чейин орус бийлиги жай тургундар бутага алынбаганын билдирген болчу.
Ошондой эле Украина президенти Владимир Зеленский видеокайрылуу жасап, Орусия лидери Владимир Путинди сүйлөшүү үстөлүнө чакырган. Мындан тышкары Зеленский Европа Украинага өтө жай жардам берип жатканын кошумчалаган.
Орусиянын Украинага болгон чабуулу 24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинага аскердик операция башталганын жарыялагандан тарта уланууда.
Президент Владимир Зеленский согуш башталган алгачкы күндө 137 адам каза таап, 300дөн ашуун адам жарадар болгонун билдирген.