Connect with us

Украина ДЭРдеги Зайцево жана Верхнеторецкое конуштарына ок атты

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Фев 2022 | 496 | 0

Украин аскерлери ДЭРдеги Зайцево жана Верхнеторецкое конуштарына ок атты. Бул тууралуу өлкөнүн ок атууну токтотуу режимин көзөмөлдөө жана координациялоонун биргелешкен борборундагы өкүлчүлүгү билдиргенин «РИА Новости» жазды.

Маалыматка ылайык, эки кол салуу тең саат 8:30да Верхнеторецкое (түштүк) жана Зайцево (түштүк) конуштарында катталып, 10 мүнөт 82 мм калибрдеги ок атылган.

21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин 2014-жылы көз карандысыздыгын жарыялаган Донецк жана Луганск Эл Республикаларын тааныган жарлыктарга кол коюп, 24-февралда таңга жуук Орусия Украинаны демилитаризациялоо боюнча аскердик операция баштаган.

Путин мекендештерине жасаган телекайрылуусунда Донбасс республикалары жардам сурагандыктан, кырдаал «чечкиндүү жана токтоосуз чара көрүүнү» талап кыларын белгилеген. Анын айтымында, «төгүлгөн кан» үчүн бардык жоопкерчилик Украинадагы башкаруучу режимдин абийиринде болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM