Connect with us

Улуу Британия Путин менен Лавровдун активдерин «тоңдурат»

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Фев 2022 | 182 | 0

Улуу Британия Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тышкы иштер министри Сергей Лавровго каршы санкцияларды киргизди.

Чектөөдө «активдерин тоңдуруу» деп көрсөтүлгөнү менен документте кандай активдер жөнүндө сөз болуп жатканы, айтылган жетекчилердин өлкөсүндө активдери бар же жок экени белгиленген эмес.

Лондон санкцияларды киргизүүнүн себебин «Путиндин орус өкмөтүнө жана куралдуу күчтөрүнө карата жоопкерчиликсиз саясаты үчүн» деп түшүндүрдү. Ошондой эле «Украинаны аскердин күчү менен басып алууга» айыптады.

Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул боюнча билдирүү жасап, Орусия президенти акчасын буга чейин санкцияларга кабылган «Россия» банкында сактай турганын, чектөө чаралары жогорку жетекчиликтин бир да өкүлүнө оор тийбесин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM