Украинанын Мелитополь шаары эч каршылык көрсөтпөстөн, орус аскерлерине багынып беришкенин Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.
«Жергиликтүү тургундар жоокерлерди тосуп алышты, айрым улгайган украиндер кызыл желек көтөрүп, көчөгө чыгышты», — деп айтылат маалыматта.
Коргоо министрлиги Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын шаарларына сокку урбасын, карапайым калкка коркунуч жогун белгиледи. Министрлик кошумчалагандай, украин чек арачылары эч кандай каршылык көрсөтпөйт, айрым учурларда багынып берип, андан кийин үй-бүлөсүнө кайтып кетүүдө.
Эске сала кетсек, 24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинага аскердик операция башталганын жарыялаган. Натыйжада Украинанын бир топ шаарларында, облустарында жардыруу, атышуу орун алган.
Украина Коопсуздук кеңешинин чечими менен өлкөгө «согуштук абал» жарыялаган.