Чехия согуштан качкандар үчүн Польша менен Украинанын чек арасына эки поезд жөнөттү. Бул тууралуу «Чехия темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Ванда Райнохова билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.
Лидер белгилегендей, поезддер Украинага чектеш Пшемысль шаары аркылуу 1,4 миң качкынды Прагага жеткирет.
Буга чейин эгер Украинадагы кырдаал начарласа, Евробиримдик аймагына 20 миңден бир миллионго чейин качкын келиши мүмкүн экени айтылган.
Эске сала кетсек, 24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинага аскердик операция башталганын жарыялаган. Натыйжада Украинанын бир топ шаарларында, облустарында жардыруу, атышуу орун алган.
Украина Коопсуздук кеңешинин чечими менен өлкөгө «согуштук абал» жарыялаган.