Марал Радиосу

Жаш таланттардын сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бүгүн Семен Чуйков атындагы сүрөтчүлөр уюмунун «Эмен багы» көргөзмө залында «Каректеги сулуулук» (Красота моими глазами) аталышындагы сүрөт көргөзмөсү башталды. Анда азыркы өсүп келе жаткан жаш таланттардын чогулган эмгектери коюлган.

Көргөзмө 25-февралдан 28-февралга чейин болот.