Марал Радиосу

УКМК: Cалык кызматынын Сузак району боюнча инспектору пара алып кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын Сузак райондук башкармалыгынын инспектору Ж.Д.Д. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Салык кызматкери Жалал-Абад шаарынын тургунунан патентин жабуу жана кечиктирген карызын оң жагына чечип берүү үчүн акча талап кылган.

23-февралда атайын жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгында Ж.Д.Д. паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен колго түштү.

Шектүү Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.