Марал Радиосу

Чехия Орусия менен Беларустагы элчисин чакыртып алды

Чехия Орусия менен Беларустагы элчилерин кеңешүү үчүн чакыртып алды. Бул тууралуу Чехиянын премьер-министри Петр Фиал расмий билдиргенин Reuters агенттиги жазды.

Чехия Карловы Вары жана Брно шаарларындагы Орусиянын эки консулдугун, ошондой эле Орусиянын Санкт-Петербург жана Екатеринбургдагы өзүнүн консулдуктарын жабууну чечкен.

24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинага аскердик операция башталганын жарыялаган. Украинанын бир топ шаарларында, облустарында жардыруу, атышуу болду.

Украина Коопсуздук кеңешинин чечими менен өлкөгө «согуштук абал» жарыялады.