Марал Радиосу

Ата-энесине кайрылган украин жоокердин видеосу тарады

Аткылоодон кийин ата-энесине кайрылуу жолдогон украин жоокеринин видеосу телеграм каналдарга жарыяланды.

«Кыскасы, биз жакка ок мөндүрдөй жаады. Дагы жакшы, мен азырынча тирүүмүн. Апа, ата, мен силерди жакшы көрөм. Баары жакшы болот», — деди жоокер.

Украинанын Коргоо министрлиги өлкө толук коргонуу режимине өткөнүн билдирип, эми ар бир жаран курал алып жүрсө болорун жарыялады. Ал үчүн атайын бөлүмдөргө паспорту менен келиши керек.

Эске салсак, Орусия президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасашкан.

Exit mobile version