Марал Радиосу

«Үкөй» тасмасы Эл аралык кинофестивалда күмүш байгеге ээ болду

Кыргызстандык режиссёр Аман Ажыматтын «Үкөй» тасмасы Нью-Йоркто өткөн Эл аралык кинофестивалда күмүш байгеге ээ болду. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-февралда Нью-Йоркто жыл сайын өтүүчү «Мейходо» фестивалынын жыйынтыгы боюнча сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өткөн.

«Мейходо — жаштардын визуалдык медиа кинофестивалы. Бул дүйнөдөгү эң ири кыска метраждуу кинофестивалдардын бири жана быйыл биринчи жолу дүйнөлүк кинофестивал NFT жеңүүчүлөрүн криптовалюталар менен сыйлады», — деп жазды фонд.

Тасмада ата-энеси Орусияда эмгектенген кыргызстандык Үкөй аттуу кыздын окуясы баяндалган. Ал 16 жашында боюнда болуп калып, жакындары зордоп турмушка берип жиберишет. А Үкөй мунун баарын түш сыяктуу кабыл алып, ойгонууга эчен ирет аракет жасайт.

Exit mobile version