Марал Радиосу

Кытай Орусиянын чабуулуна АКШны күнөөлөдү

Кытай Орусиянын Украинага жасаган чабуулун айыптоодон баш тартты. Анын ордуна «бардык тарапты» сабырдуулукка чакырып, Чыгыш Европадагы согуштун тутанышына АКШ «күнөөлүү» экенин кайталады. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын билдирүүсүнө таянып жазды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хуа Чуньин бейшемби күнкү брифингде «Бээжин Москванын Украинага аскерий чабуулун басып алуу деп эсептейби?» деген суроону жоопсуз калтырып, анын ордуна Киевге куралды Америка бергенин эске салды Андан тышкары Орусия көз карандысыз мамлекет катары мыйзамдуу коопсуздук чараларын көргөнүн кошумчалады.

«Биз соңку убакта АКШ чыңалууну күчөтүп, согушту тутандырып жатканын көп жолу айтканбыз», — деди Хуа.

24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинага аскердик операция башталганын жарыялаган. Украинанын бир топ шаарларында, облустарында жардыруу, атышуу болду.

Украина Коопсуздук кеңешинин чечими менен өлкөгө «согуштук абал» жарыялады.

Exit mobile version