Марал Радиосу

Орусия-Украина кырдаалы: Белгилүүлөр тынчсыздануусун билдирүүдө

Акыркы учурдагы Украинада болуп жаткан абал боюнча бир катар журналист, ырчы, көрүнүктүү адамдар да өздөрүнүн социалдык баракчалары аркылуу пикирлерин билдирген кайрылууларды жүктөп, постторду жазып жатышат.

Советтик жана украиналык журналист Дмитрий Ильич Гордон өзүнүн видеокайрылуусун жолдогон.

Валерий Меладзе Орусиядан Украинадагы согуштук аракеттерди токтотуп, сүйлөшүүгө барууну суранды.

Максим Галкин Instagram баракчасына Украинанын айланасындагы кырдаал тууралуу мындай деп жазган:

«Урматтуу украиналык туугандар жана достор! Мен ичимдеги сезимимди сөз менен жеткире албайм! Бул кантип ушундай болуусу мүмкүн! Согуш үчүн эч кандай актоо мүмкүн эмес! Согуш жок!»

Ал эми бүгүн туулган күнү болгон телеалпаруучу Александр Гудков: «Ушул күнү төрөлгөнүмө уялам», — деген билдирүү калтырган.

Орус актёру, шоумен, теле-радио алып баруучу, ырчы, музыкант, жазуучу, композитор, продюсер, сценарист, режиссёр Иван Ургант: «Жан кейиткен коркунуч. Согушка жол жок», — деп жазды.

Exit mobile version