Украинанын Киев шаарындагы унаа жолдогу тыгынды сүрөтчү Пьер Кром тартып алган. Ал шаардан чыгып кетүүгө аракет кылгандардын автоунаалары экенин Фейсбукка жазды.
24-февралда Орусия президенти Владимир Путин Украинага аскердик кол салуу башталганын жарыялаган. Украинанын бир топ шаарларында, облустарда жардыруу, аткылоо болду.