Connect with us

Орусиянын аэропортторунда 160тан ашуун каттам токтотулду

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2022 | 713 | 0

24-февралдын таңынан бери Москванын аэропортторунун онлайн таблосунда бир катар каттамдардын токтотулганы көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Комсомольская правда басылмасы жазды.

Жүргүнчүлөр үчүн каттамдарды токтотуу чечимин Орусия Федералдык аба транспорту агенттиги кабыл алган.

«Орусиянын түштүгүндөгү бир катар аэропортторго 24-февралда Москва убактысы боюнча таңкы саат 3:45тен баштап аба каттамдары убактылуу чектелди. Чектөөлөр 2022-жылдын 2-мартында саат 15:45ке чейин күчүндө болот», — деп билдирди Федералдык аба транспорту агенттиги.

Бир катар аймактарда аба кыймылына чектөө киргизилгенине байланыштуу, Орусиянын авиация тармагындагы жетекчилери жакын арада уча турган жүргүнчүлөргө жана аларды тосуп алуучуларга аэропортторго келбей турууну сунуштайт.

Федералдык аба транспорту агенттиги кошумчалагандай, учуу жана аэропорттордун иштөө графиги түздөн-түз «Шереметьево», «Домодедово», «Внуково» жана «Жуковскийде» болот.

«Графиктеги бардык өзгөрүүлөр аэропорттордун жана авиакомпаниялардын расмий веб-сайттарында, анын ичинде социалдык тармактарда такталышы керек», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн эртеден бери Анапа, Ростов-на-Дону, Сочи, Воронеж, Хургада, Волгоград, Белгород жана башка шаарларга каттамдар токтотулганын «Шереметьево» аба майданынан кабарлашты.

Аэропорттор убактылуу токтотулган аймактар:

— Ростов (Платов),

— Краснодар (Пашковский),

— Анапа (Витязево).

Copyright © 2017 Maral FM