Кыргызстанда акыркы суткада 12 өрт кырсыгы катталып, андан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кемин шаарында Логвиненко көчөсүндө үй өрттөнгөн. Өрттү өчүргөндөн кийинки текшерүүдө үйдүн ичинен 1951-жылы туулган К.В.нын сөөгү табылган.
Панфилов районунун Киров айылында сарай өрттөнүп, болжол менен 60 жаштагы адам каза тапкан.
Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда.