Марал Радиосу

Бишкекте 650 км жолдо асфальт жок – быйыл анын 40 км гана төшөлөт

Бишкекте асфальттанбаган жол 652 чакырымды түзөт. Бул тууралуу ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, бул жылы өзгөчө тратуарларга көңүл бурулуп жатат, бирок шагылдуу жолдордун бир аз бөлүгү да оңдолот.

«652 км асфальттанбаган жолдун 40 км жолун быйыл ноябрь айына чейин асфальттайбыз», – деди мэр.

Жунушалиев жергиликтүү бюджеттин киреше булагын көтөргөндөн кийин гана жолдорду оңдоо мүмкүнчүлүгү түзүлөөрүн кошумчалады.

Exit mobile version