Марал Радиосу

COVID-19: 20 учур жаңы катталды

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 23-февралга карата коронавирустан бир адам каза болду, жуктуруунун 20 жаңы учуру катталды.

Чүй облусунда жети, Бишкек шаарында тогуз, Ысык-Көл облусунда эки, Баткен облусунда эки адам оору жуктуруп алды. Калган облустарда коронавирустун жаңы учурлары катталган жок.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 200 388ге жетти. Өлкө боюнча 194 377 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 948 адам көз жумду.

Акыркы суткада илдеттен 159 бейтап айыгып чыкты. Учурда 220 бейтап ооруканада, ал эми 1 251 киши үй шартында дарыланууда.

Exit mobile version