Connect with us

Байден Донецк жана Луганск жикчил аймактарына каршы санкцияларды киргизүү боюнча жарлыкка кол койду

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2022 | 256 | 0

АКШ президенти Жо Байден Украинадагы Донецк жана Луганск жикчил аймактарына каршы санкцияларды киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Аталган республикаларды Орусия президенти Владимир Путин 21-февралда тааныган.

Жарлык АКШнын жарандарына Украинадагы Донецк жана Луганск жикчил аймактарына ар кандай инвестиция салууга, Америка Кошмо Штаттарына түз же кыйыр түрдө республикалардан ар кандай товарларды жана технологияларды импорттоого жана экспорттоого тыюу салат.

Жарлыкта Москванын республикаларды таануусу «Орусиянын Минск келишимдериндеги милдеттенмелерине» карама-каршы келери, ошондой эле тынчтыкка, туруктуулукка жана Украинанын эгемендигине коркунуч келтирери айтылат.

Мындан тышкары АКШнын улуттук коопсуздугуна жана тышкы саясатына адаттан тыш жана өзгөчө коркунучту билдирери да белгиленген.

Жарлыкка чейин Ак үй билдирүү жасап, анда Вашингтон «Орусия өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин бузганына байланыштуу кошумча чараларды» көрүүгө ниеттенип жатканын билдирген.

«Бул чаралар Орусия Украинага басып кирген учурда биздин союздаштарыбыз жана өнөктөштөрүбүз менен биргеликте даярдап жаткан тез жана катаал экономикалык чараларды толуктайт», — деди Байден.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM