Марал Радиосу

Жапаров Баткендеги жоокерлерге энчилүү сааттарын тапшырды (сүрөт)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен районундагы аскер бөлүктөрүнүн абалы менен таанышты. Анда Жапаровго аскердик техника жана аскер кийимдери көрсөтүлдү.

Жапаров жоокерлерге кайратман кызмат өтөөсү үчүн ыраазычылык билдирип, Министрлер кабинетинин атынан Ардак грамоталарды жана төраганын энчилүү сааттарын тапшырды.

Күндүн соңунда Акылбек Жапаров Финансы министрлигинин бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, анда 2022-жылга карата милдеттер жана пландар белгиленди.