Марал Радиосу

УКМК: Аткезчилик менен алектенген чек арачылар аныкталды (видео)

12-январдан 15-февралга чейинки аралыкта мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган 19 тоннадан ашык жүк кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө бул иштерге Чек ара кызматынын адамдары прапорщик И.Н.нын жана сержант Э.М.нын катышы бар экени аныкталган.

Азыркы учурда бул фактылар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында сотко чейинки тергөө жүрүп жатат.