Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы CAFA U-19 футзал чемпионатында коло байге алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Турнирге Иран, Ооганстан, Өзбекстан жана Тажикстандын командалары да катышкан.
«Мелдештин эң мыкты бомбардири 6 гол менен улуттук курама команданын оюнчусу Бектур Ильясов болду», — деп айтылат маалыматта.
Турнирдин жыйынтыгында биринчи орунду Ирандын командасы, экинчи орунду Ооганстандын командасы ээледи.
Белгилей кетсек, турнир 12-19-февраль аралыгында Бишкек шаарында өткөн.