Марал Радиосу

Республикалык диагностикалык борбор кайра ачылды

21-февралдан тарта Республикалык диагностикалык борбор кайрадан мурдагыдай иштеп баштады. Бул тууралуу И. Ахунбаев атындагы КММАнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда борбордо УЗИ, ЭКГ, ЭхоКГ, 24 сааттык мониторинг, ЭЭГ, ЭхоЭГ, РЭГ, гастроскопия, колоноскопия, рентгендик изилдөө сыяктуу диагностикалык кызматтын бардык түрү көрсөтүлөт.

Ошондой эле офтальмолог, ЛОР, гастроэнтеролог, дерматолог, эндокринолог, физиотерапевт кызматтары бар.

Эскерте кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги буга диагностикалык борбордун имаратын Балдар ооруканасы кылып кайра түзгөн болчу.

Exit mobile version