Марал Радиосу

«Түндүк электр» ишканасынын директорлор кеңешинин жетекчиси алмашты

«Түндүк электр» ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы Замирбек Ходжомамбетовдун ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Компаниянын айтымында, эми анын ордуна Илгиз Сыдыгалиев иштейт. Буга чейин ал «Жалалабадэлектр» ишканасынын Текшерүү комиссиясынын мүчөсү, 2021-жылдын күзүндө «Түндүк электр» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланган.