Марал Радиосу

22-февралда Баткенде Өкмөттүн көчмө жыйыны өтөт

Акылбек Жапаров 22-февралда Баткен облусунда биринчи көчмө жыйын өткөрөт. Бул тууралуу ал  Минисрлер кабинетинин бүгүнкү кеңешмесинде билдирди.

Көчмө жыйында облустун инфраструктурасы, социалдык-экономикалык жана инвестициялык өнүгүүсү, жазгы талаа иштерине даярдыктар маселелер каралат.

Эске салсак, өткөн жылдын сентябрь айында Баткен облусуна өзгөчө макам берилген. Ага ылайык, жергиликтүү тургундар бир катар жеңилдиктерди алып, жөлөк пул жана пенсия көтөрүлгөн.

Бүгүн ошондой эле Баткен облусунун тургундарына 14 мамлекеттик жана муниципалдык кызматты акысыз жана жеңилдетилген негизде көрсөтүү тууралуу Министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды.