Марал Радиосу

УКМК: Баткенде аткезчилик менен алектенген жаран кармалды (видео)

Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүмү (кызмат адамдарына пара берүү) боюнча Баткен облусунун аймагында аткезчилик менен алектенгендердин бири Н.Б.А. аттуу Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Аткезчиликке шектелген жаран кыргыз-тажик чек арасы аркылуу аткез жүктөрдү ай сайын тоскоолдуксуз алып өтүү үчүн УКМКнын кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берип жатканда кармалган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.