Марал Радиосу

23-февраль эс алуу, 26-февраль иш күн болот

Ата Мекенди коргоочулар күнүн майрамдоого байланыштуу 23-февраль эс алуу күн деп жарыяланды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Ал эми 26-февраль, тагыраагы, ишемби иш күн болуп эсептелет. Себеби 5-январь ушул күнгө которулган болчу.

Ошондой эле Министрлер кабинети буга чейин майрам күндөрдүн көптүгүнө байланыштуу 23-февраль, 7-апрель, 7-8-ноябрь күндөрүн кайра карап чыгууну сунуштаган.

Exit mobile version