Марал Радиосу

Прокуратура: Бишкектен эки милиция кызматкери пара алып кармалды

Бишкек шаарынан эки милиция кызматкери пара алып кармалды. Бул тууралуу шаардык прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алар «кылмыш жоопкерчилигине тартабыз» деп коркутуп, тергелип жаткан У.Э. аттуу жарандан акча талап кылышкан.

Биринчи Май райондук милициясына караган 5-бөлүмдүн аймактык тескөөчүсү Э.Э.Э. акчанын бир бөлүгүн алып жаткан учурда кармалган. Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (пара талап кылуу) менен айыбы угузулуп, Биринчи Май райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды.

Бул ишке ага тескөөчү Б.К.К.нын да катышы бар экени аныкталып, камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат.