Марал Радиосу

2021-жылы токойлордун өрттөнүүсүнөн мамлекет жарым миллион сом зыян тартты

2021-жылдагы токойлордун өрттөнүүсүнөн мамлекет жарым миллион сом зыян тартты. Бул тууралуу Мамлекеттик токой чарба агенттиги билдирди.

Былтыр мамлекеттик токой фондунун карамагындагы 36 гектардан ашуун аянттагы 17 токойдон өрт чыккан. Андан 9 гектар жердеги бак-дарак, 1 гектар жердеги башка өсүмдүктөр өрттөнүп кеткен. Мындан мамлекет 525 миң сом зыянга учураган.

Токой чарба агенттиги Таластын токойлоруна өрт койгон 3 фактыга шектүүлөр кармалып, күнөөсү далилденип, 56 миң 800 сомдук чыгым толук өндүрүлгөнүн кабарлады.

Учурда калган 468 миң сомдук чыгым боюнча укук коргоо органдары иш жүргүзүп жатат.