Марал Радиосу

Быйыл айыл чарбасын «оңдоого» 35 миллиард сом бөлүндү

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында жазгы талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулду. Төрага Акылбек Жапаровдун айтымында, өткөн жыл айыл чарба тармагы үчүн оор жыл болду. Түшүмдүн көлөмү аз жана сапаты төмөн болгондуктан кескин чараларга барууга туура келген. Ошондой эле айыл чарба тармагында сандан сапатка өтүү үчүн алдыда бир катар реформалар жасалат. 

Парламенттин бүгүнкү жыйынында жазгы талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган тиешелүү органдар маалымат беришти. Акылбек Жапаров сөзүнүн башында депутаттарга кайрылып, алар парламентке чакырган учурда келе албай калса, капа болбоого чакырып, мүмкүнчүлүгү болгон учурда дайым байланышып турууга убада берди. Өткөн жумада депутаттар тиешелүү жетекчилер толук катышпаганын сынга алуу менен маселени кароону кийинкиге калтыруу чечимин кабыл алышкан.

Акылбек Жапаров быйылкы жазгы талаа иштерине каржылык жактан көрүлгөн даярдыктар боюнча буларды билдирди:

«Айыл чарбасын каржылоо-1» программасынан «Айыл чарбасын каржылоо-10» программасына чейинки 9 жыл аралыгында өкмөт жалпысынан дыйкандарга 40,7 млрд сом насыя берди. Быйыл бизге баш ийген банктардын уставдык капиталын көбөйтүү каралды. Тагыраагы, «Айыл банктын» уставдык капиталы былтыр 5,4 млрд сом болгон, быйыл 10 млрд сомго жеткирүүнү көздөп жатабыз. «Айыл банк» жана «РСК банк» аркылуу түздөн-түз 26 млрд сомду 6%дык үстөк менен айыл чарбасына насыя катары берели деп жатабыз. Мына, биздин быйылкы жазгы талаа иштерине даярдыгыбыз. Мындан сырткары биз 1,5 млрд сомду бөлүп берип, үрөн алдырдык. Айрым жерлерге 100% суу жетпей калгандыктан, ирригацияга биринчи жолу 1 млрд сомду толугу менен бөлүп бердик. Ошондой эле техникаларына акча бөлүп берип жатабыз».

Ошондой эле ал мамлекеттик материалдык резервдер фондуна былтыр 1,5 млрд сомго буудай сатып алынганын жана ал такай жаңылана турганын кошумчалады.

Ал эми айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков «Айыл банк» аркылуу жылдык 4,5 үстөк пайыз менен 2 жылдык мөөнөткө насыя түрүндө чарбаларга жана дыйкандарга үрөн берилерин эки жолу кайталоо менен белгиледи.

«Былтыр 130 миң гектар жерге күздүк буудай эгилген. 2022-жылы болжолдуу көрсөткүчтөр боюнча жалпы айдоо аянты 1232,6 миң гектарды түзөт, же өткөн жылга салыштырмалуу пайдаланылбаган айдоолорду кыскартуунун эсебинен 6,4 миң гектарга көбөйөт. Мындан тышкары 255,5 миң гектар жерге буудай эгилсе, май өсүмдүктөрүнүн аянты 25 миң гектар, дандык  жүгөрү аянты 110 миң гектар болору болжолдонууда. Ошондой эле күрүчтүн айдоо аянты 12,5 миң гектарды  түзүп, өткөн жылдан 526 гектарга көп себилсе, картөшкөнүн аянты 77 миң гектар же өткөн жылдан 2,1 миң гектарга көбөйөт. Кант кызылчасы болсо  14,5 миң гектарга себилип, 2021-жылдан 4,2 миң гектарга көп айдалат».

Министрдин билдирүүсүнө ылайык, чет мамлекеттерден алынып жаткан жаздык буудай үрөнү 45,30 сомдон (элита), арпа 53,85 сомдон (элита), софлор 112 сомдон, күн карама 399 сомдон, соя 90 сомдон сатылат.

Белгилүү болгондой, жазгы айдоо-себүүгө өлкө боюнча жалпы 40,5 миң тонна күйүүчү-майлоочу май керектелсе, бүгүнкү күндө 56%ы камсыздалган.

Айыл чарба тармагындагы негизги маселе суу болуп жатканын депутат Өмүрбек Бакиров белгилеп, Ош облусунун Ноокат жана Араван, Баткен облусунун Кадамжай районун 30 миң гектар жерин суу менен камсыз кыла турган долбоорду ишке ашыруу керектигин сунуштады.

«Колумда Ош облусунун Ноокат жана Араван, Баткен облусунун Кадамжай районун 30 миң гектар жерин суу менен камсыз кыла турган долбоордун ТЕОсу турат. Мына ошол долбоор 30 миң гектар жерди суу менен камсыз кылат. Бүгүн ошол жерде эл кыйналып жатат. Эгерде ошол жерге дагы 2-3 жыл көңүл бурбай коё турган болсок, мына ошондо катастрофа башталат. Ал жерде элдин 90%ы дыйканчылык менен күн көрөт». 

Депутат Жеңишбек Токторбаев Айыл чарба министрлигиндеги абалды апаат катары баалап, министрдин берген маалыматын жомокко салыштырды. Ошондой эле ал Айыл чарба министрлигинде жалпы 11 миң 118 кызматкер эмгектенгени менен бир ишинин жыйынтыгы жоктугун сынга алды.

«Айыл чарба министрлигинин иши нөл. Азыр Аскарбек Сапарбекович 14 мүнөт баяндама жасап, жомок айтты. XVIII кылымда Ханс Кристиан Андерсен деген жазуучу өткөн. «Гадкий утёнок», «Дюймовочка», «Русалочка» деген абдан сонун жомокторду жазган. Ошол жомоктордой болду. 30 жылдан бери жомок угуп келе жатабыз. Акылбек Үсөнбекович, Айыл чарба министрлигинде бир баш кой, тоок жок же бир сотых жерге эгин эгишпейт. Анан бул министрликтин эмне кереги бар? Штаты 11 миң 118, бюджети 54 миллион сом экен».

Ага жооп катары Акылбек Жапаров болгон акчанын баарын Айыл чарба министрлигине бөлүп, чоң үмүт артып жатканын билдирди.

«Ошол Ханс Кристиан Андерсен айткан «Гадкий утёноктон» таптатынакай «Белая лебедь» болуп калабы деп, быйыл болгон акчабызды берип жатпайбызбы. Адам операцияга киргенде да аябай чоң вольт менен ток бергенде жүрөгү иштеп кетет экен. Мына ошондой мүмкүнчүлүктү быйыл Айыл чарба министрлигине берип жатабыз. Баары ордуна туруп кетер деп, 35 миллиард сомго жакын акча бөлдүк».

Депутат Алишер Козуев быйыл минералдык жер семирткичтер эки эсе кымбаттаганын айтып, мамлекет тарабынан бааны жөнгө салуу максатында завод менен сүйлөшүүнү сунуштады.

Exit mobile version