Марал Радиосу

Жапаров: Негизги 9 азык-түлүктүн түрүнө 9 млрд сомду даярдап койдук

Парламенттин бүгүнкү жыйынында жазгы талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башында турган тиешелүү мекеме жетекчилери маалымат беришти.

Акылбек Жапаров билдиргендей, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 9 класстерди ишке киргизүү пландалып жатат. Ага 9 млрд сом даярдалды.

«Өнөктөштөр жана ишкерлер менен чогуу азык-түлүк коопсуздугубузду бекемдейли деп жатабыз. 60 млрд сомдон ашык акчаны импортко жумшап жатабыз. Дээрлик бардык азык-түлүктү чет мамлекеттен алып келип, инфиляцияны күчөтүп жатабыз. Ошондуктан азык-түлүгүбүздү өзүбүз чечпесек, бизге барган сайын кыйын болот. Бензиндин баасын көзөмөлдөй албайбыз. Буудайдын баасын да көзөмөлдөй албасак, нан кымбат боло берет. Азыр президент Садыр Жапаров 5 жылдык стратегиялык планды бекитти. Ага ылайык, биз 9 продукция боюнча коопсуздукту 100% чечишибиз керек», — деди Жапаров.

Эң негизги азык катары нан, эт, сүт, жашылча-жемиш, жумуртка, өсүмдүк майы, кумшекер эсептелет.

Азык-түлүк коопсуздугу 3 негизден турат: физикалык жеткиликтүүлүгү, экономикалык жеткиликтүүлүгү жана азык-түлүктүн  сапаты.