Марал Радиосу

Парламент билим берүү министрлигине Алмаз Бейшеналиевдин талапкерлигин колдоду

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңеште Билим берүү жана илим министри кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлиги каралып, 76 депутат «макул» болуп, тиешелүү токтом долбоору кабыл алынды.

Алмазбек Бейшеналиев министрликтен кетип, кайра келишинин себебин президенттин жүргүзгөн саясаты менен байланыштырды.

Алмаз Бейшеналиев 14-февралда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Алмаз Бейшеналиев өткөн жылдын июнь айынан бери Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка уюмдардагы өкүлү, Швейцариядагы элчиси болуп турган. 2020-2021-жылдары Билим берүү жана илим министри кызматын аркалаган.