Марал Радиосу

Кадырбеков Өкмөткө нанотехнология боюнча программа иштеп чыгууну сунуштады

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Министрлер кабинетине нанотехнология боюнча атайын программа иштеп чыгууну сунуштады.

Ошондой эле ал өкмөткө бул боюнча атайын протоколдук тапшырма берүүнү суранды.

Мындан сырткары ал Кыргызстанда технология тармагын өнүктүрүүгө салым кошуп жаткан жеке ишкерлерге дем берип, колдоо көрсөтүү керектигин билдирди.