Марал Радиосу

Австрия «Түндүк агым-2»ден баш тартууну көздөбөйт

Австрия «Түндүк агым-2» долбоорунан баш тартпайт, өлкө Украинанын айланасында келишпестик болбосо, газ куурунун ишке берилишин каалайт. Бул тууралуу Австриянын санариптештирүү жана экономика министри Маргарет Шрамбек билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

«Мен Австриянын «Түндүк агым-2ден» таптакыр баш тартышын каалаган өлкөлөр бар экенин билем, бирок бул мен жана тышкы иштер министри Александр Шалленберг тарабынан болбойт», — деди министр.

Буга чейин Мекленбург-Түндүк Померания федералдык мамлекетинин премьер-министри Германиянын бийлигине «Түндүк Агым 2» газ куурунун сертификациясын мүмкүн болушунча тезирээк бүтүрүүгө чакырган.

Жылына 55 миллиард метр куб газ алып өтүүгө ылайыкталган «Түндүк агым-2» кууру Балтика деңизинин түбүнөн көптөгөн өлкөлөрдү аралап өтүп, Германия менен туташат.