Марал Радиосу

Салыктарды өз убагында төлөбөгөндөрдөн 6,5 млн сом өндүрүлдү

Өткөн жылы Салык кызматы салыктарды өз убагында төлөбөгөндөрдөн 6,5 млн сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата салык карызынын суммасы 25,2 млрд сомду, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз 2 млрд 37,3 млн сомду түзгөн. Өлкөдө карызды мажбурлап өндүрүү боюнча салык карызынан 5 млрд 397,9 млн сом, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 1 млрд 386,1 млн сом түшкөн.

Салык төлөөчүлөргө 15 млрд сомго 74 миң 195 чечим тапшырылып, анын 4,6 млрд сому өндүрүлүп алынган.  Ал эми салык төлөөчүлөрдүн алыш-бериш эсебине 2 млрд сом суммасында 2 миң 464 салыктык төлөм талабы коюлуп, анын 481,6 млн сому өндүрүлдү.

Ошондой эле, бюджетке салыктарды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 8, 4 млн сомго 3975 айып салынып, 6,5 млн сом өндүрүлгөн.