Бүгүн, 11-февралда Бишкекте журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чарасы өтүп жатат.
«Чындыкты мен айтпасам, ким айтат?» деп аталган иш-чара журналисттин 12-февраль туулган күнүнө карата экинчи жылы уюштурулууда.
Анын алкагында «Келечек өз колубузда» аттуу дилбаян сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды.
«Азаттык» медиасынын журналисти Улан Эгизбаев 2018-жылы мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Ал коррупциялык көрүнүштөрдү, бийликтин кемчиликтерин ачык айтып, коомдогу терс жагдайларды иликтеген журналист болгон.