Марал Радиосу

Кыргызстандык кикбоксчу, 44 жаштагы Канатбек Сыдыгалиев каза болду

Кыргызстандык кикбоксчу Канатбек Сыдыгалиев 44 жашында каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын WAKO кикбоксинг федерациясы билдирди.

Сыдыгалиев Талас районунун Арал айылында туулган. Спорттук карьерасынын жылдарында ал дүйнө чемпиону (WAKO), Евразия чемпиону (WBKF), Европа чемпиону (WIKO), Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогунун ээси, профессионалдар арасында континенттер аралык чемпион болгон. Ал Смерч деген лакап ат менен белгилүү болгон.

«Бул Кыргызстандын кикбоксинг айдыңы үчүн чоң жоготуу жана трагедия», — деп жазат федерация.

Спортчунун жетишкен ийгиликтери:

1999-2000-жылдары  кикбоксинг боюнча Евразиянын эки жолку чемпиону ;

2000-жылы Европа чемпионатынын коло байге ээси;

1999-2001-жылдар аралыгында Дүйнө чемпиондугунун күмүш байге ээси;

2003-жылы Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, профессионалдар арасында Европа чемпиону;

2004-жылы профессионалдар арасындагы континенттер аралык чемпиону болгон.