Марал Радиосу

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 700 млн куб метрди түздү

Бүгүн, 11-февралда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 700 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 143 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 537 куб метрге жетүүдө.

2021-жылдын апрель айында Токтогулда суу кескин азайып, ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин, башкача айтканда, кооптуу чекке жеткен.