Марал Радиосу

Жазгы-талаа жумуштарына даярдыкты кароо кийинкиге калтырылды

Бүгүн, 10-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү боюнча Министрлер кабинетинин маалыматын угуу күн тартибине киргизилген болчу.

Бирок депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасы баштаган тиешелүү жетекчилер толук катышпагандыгын сынга алуу менен маселени кароону кийинкиге калтыруу чечимин кабыл алышты.