Марал Радиосу

Икрамов: Москвада 25 мекендеш Элнура Сурановага акчаларын алдатып ийишкен

Орусиянын Москва шаарындагы 25 кыргызстандык Элнура Сурановага алдатып ийишип, акчаларын алалбай келишет. Бул боюнча кайрылуу түшкөнүн Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.

Икрамов жагдай чоң ызы-чуу жаратып жатканын белгилеп, аны чечүү үчүн тиешелүү органдарга протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

Мигранттардын видеокайрылуулары 2021-жылдан бери бир нече ирет жарыяланган. Алардын айтымында, Элнура Суранова «Москвадан ипотекага үй алып берем» деп, жарандардан акча алып, же үй алып бербей, же акчасын кайтарып бербей качып жүрөт.

Ачык булактарга таянып айтсак, Элнура Суранова 2021-жылы Москва шаарындагы кыргызстандыктарды ипотекалык турак жай менен камсыздоо багытында иш алып барган «Белый дом» кооперативин түптөгөн.