Марал Радиосу

УКМК: «Айыл банктын» үч кызматкери коррупцияга шектелип кармалды  

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмыштар менен күрөштү улантып жатканын маалымдашты.

Жүргүзүлгөн иликтөөнүн алкагында «кредиттик каражаттарды максатсыз чыгарып, мамлекетке зыян келтирген» деген шек менен «Айыл банктын» жооптуу кызматкерлери кармалды.

Такталгандай, банктын кызматкерлери «Россиф» ЖЧКсы койгон күрөөнү 348 млн 500 миң сомго баалап, 195 млн 700 миң сом насыя беришкен. Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат эсептеп чыгып, күрөөдөгү мүлктүн 271 млн 800 миң сом турарын аныкташты. Кызматкерлер бул алешемдиктен 76 млн 600 миң сом «уттуруп» жиберишкен.

Бул иш боюнча 8-февралда «Айыл банктын» кызматкерлери Ш.У.Ж., С.М.А., А.Ж.А. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда тергөө, андан тышкары буга катышы бар башка адамдарды да иликтөө жүрүп жатат.