Марал Радиосу

«Ысык-Көл» аэропортунда күтүү залы ачылды (сүрөт)

Бүгүн, 9-февралда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда күтүү залынын ачылышы болду. Объектинин курулушу 2021-жылдын 7-октябрында башталган. Имараттын жалпы аянты 372 чарчы метрди түзөт.

Күтүү залында эне-бала бөлмөсү бар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар түзүлгөн.

Күтүү залынын ачылыш аземине Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Алмаз Тургунбаев, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов, «Манас» аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев катышты.

Шаршеевдин маалыматы боюнча, 2021-жылы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун өндүрүштүк көрсөткүчтөрү бир нече эсе өстү. Алсак, 2019-жылга салыштырмалуу каттамдардын саны 4,3 эсе, жүргүнчүлөрдү ташуу 6,9 эсе өскөн.

Буга байланыштуу мурда жок болгон күтүү залынын имаратын куруу чечими кабыл алынган, аэропорт негизинен жайкы туристтик сезондо гана иштеп келген.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту Тамчы айылынан 5 чакырым алыстыкта жайгашкан жана ИКАО классификациясы боюнча 4D классындагы аэродромдорго кирет. Аэропортто атайын даярдалган персонал, ошондой эле учактарды жерде тейлөө үчүн тиешелүү атайын техника жана перрондук механика бар.

2021-жылдын башында «Ысык-Көл» аэропорту 163 чарчы метрге кеңейтилген. Учурдагы аэробекет комплексинин жалпы аянты 986 чарчы метрге барабар.

Аба майданга 2003-жылдын 1-августунда «Эл аралык аэропорт» статусу берилген.