Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 10-февралда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарында кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй, Таласоблусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +1…+6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10;
Бишкек шаарында түнкүсүн бираз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз +2…+4 жылуу болот.